Зергерлер КНСти төлөөдөн бошотулду – Шыкмаматовдун комментарийи

Экономика Загрузка... 21 Февраль 2025 17:00
yuvelir-za-rabotoj.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов зергер буюмдарын өндүрүүчүлөр тарабынан өз муктаждыктары үчүн сатып алынган чийки зат үчүн КНСти жокко чыгаруу боюнча комментарий берди.

"Кыргыз зергерлери мындан ары өлкөгө импорттолуучу жана зергер буюмдарын өндүрүү үчүн колдонулуучу металл камтыган кендерге, концентраттарга, эритмелерге жана аффинаждалган металлдарга КНСти төлөшпөйт.

Зергерчилик тармагы үчүн бул негизги жаңылык 2025-жылдын 12-февралында өлкө президенти Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамда белгиленген, – деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

Зергерлер үчүн өзгөрүүлөрдү Салык кызматынын төрагасы «Бул ырааттуу чынжырча", – деп мүнөздөдү: «Чийки затты импорттоого КНСти жокко чыгаруу – зергерлер үчүн түрткү. Кандай болбосун түрткү берүү – бул бизнести өнүктүрүү, бизнести өнүктүрүү – кирешенин өсүшү, көмүскө сектордун азайышы, себеби чийки затты көмүскө жол менен сатып алуунун зарылчылыгы жок, жумуш орундарынын көбөйүшү. Ал эми жыйынтыгында – казынага салыктардын көбөйүшү».

Мындан сырткары, зергер буюмдарын даярдоо үчүн ташып келинген чийки затка КНСти жокко чыгарууну жергиликтүү өндүрүүчүнү колдоо катары кароого болот.

Зергерчилик тармагы экономиканын алгылыктуу тармактарынын бири болуп эсептелет. Чийки затты импорттоого КНСти жокко чыгаруу аны сатып алууга кеткен чыгымдарды автоматтык түрдө азайтат жана ишкерлерге каражаттарын башка муктаждыктарына жумшоого мүмкүндүк берет.

Салык кызматы зергерлер үчүн КНСтин жокко чыгарылышы бул тармактын бардык багытта өнүгүшүнө дароо таасирин тийгизет деп күтөт.

Биринчиден, КНСти жокко чыгаруу жергиликтүү зер буюмдардын баасынын төмөндөшүнө таасирин тийгизиши керек. Бул аларды ички жана тышкы базарлардагы атаандаштыкка жөндөмдүү кылат.

Экинчиден, көмүскө экономиканын деңгээли төмөндөйт. Чийки затты жеткирүүнүн мыйзамдуу каналдары баасы боюнча жеткиликтүү жана ыңгайлуу болот.

Үчүнчүдөн, чийки затка чыгымдарды кыскартуу ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн финансылык көрсөткүчтөрүн жакшыртат, алардын кирешелүүлүгүн жогорулатат, өндүрүштү кеңейтүүгө, продукциянын сапатын жогорулатууга жана жаңы технологияларды киргизүүгө дем берет», – деп жыйынтыктады Алмамбет Шыкмаматов.