Салык системасын өнүктүрүүдө жасалма интеллект колдонулушу мүмкүн

Экономика 7 сентябрь 2026 15:00
Салык системасын өнүктүрүүдө жасалма интеллект колдонулушу мүмкүн
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын салыктык башкаруу системасына жасалма интеллект технологияларын киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Кызматтын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов YZi Labs тарабынан колдоого алынган санариптик инфратүзүмдү иштеп чыгуучу Sign компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптар салыктык башкарууну санариптештирүү, заманбап чечимдерди иштеп чыгуу жана жасалма интеллектти МСКнын негизги аналитикалык тутумдарына интеграциялоо маселелерин карашты.

Ошондой эле ата мекендик IT-потенциалды өнүктүрүү жана жергиликтүү адистердин жасалма интеллект жана санариптик технологиялар жаатындагы квалификациясын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга жана салыктык башкарууну санариптик трансформациялоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.