Камерунда президенттик шайлоо өттү

Дүйнө 13 октябрь 2025 11:56
Камерунда президенттик шайлоо өттү
copyright icon WWW

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Күн мурун Камерунда президенттик шайлоо өттү. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, добуш берүүгө 12 талапкер, анын ичинде Камерундун азыркы президенти сегизинчи мөөнөткө кайра шайланууга умтулуп жаткан 92 жаштагы Пол Бия да бар.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө башталып, 18:00дө аяктаган.

Өлкөнүн Шайлоо кодексине ылайык, шайлоонун жыйынтыгын Конституциялык кеңешме добуш берүү аяктагандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен жарыялайт.

Президенттик шайлоодо добуш берүү бир тур менен өтөт. Эң көп добуш алган талапкер жеңет.