Камчыбек Ташиев: Манас - республикалык деңгээлдеги шаарга айланат

Аймак Загрузка... 11 Октябрь 2025 18:55
copyright icon Регион ТВ

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. Манас шаары келечекте республикалык деңгээлдеги шаарга айланат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мэрияда өткөн жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыр Манас шаары облустук деңгээлдеги шаар.

"Биз муну келечекте республикалык деңгээлдеги шаарга айландырабыз. Башкача айтканда, 2026-жылдан тарта расмий түрдө республикалык деңгээлдеги үчүнчү шаар болот. Бишкек, Ош, анан Манас шаары.

Манас шаары борбор шаар болот деген сөздөр чыгып жатат. Аны келечек көрсөтөт. Биз ошого татыктуу болсок эмнеге болбосун? Болот буйруса. Ал үчүн шаарыбызды, элибизди, журтубуз, психиологиябызды даярдашыбыз керек. Борбор шаар деп койсо эле болуп калбайт", - деди ал.