Камчыбек Ташиев Баетов айылында маданий борбордун курулушун баштап берди

Аймак 23 Октябрь 2025 18:30
570598499_1322217026352780_3253963165770889941_n.jpg
570515763_1322216599686156_3703227747400131977_n.jpg
570920185_1322216696352813_6664360119604535461_n.jpg
570991665_1322217046352778_2901687715143681676_n.jpg
571014233_1322216829686133_9170833408582611495_n.jpg
571103340_1322216936352789_578477669861474008_n.jpg
571109323_1322216509686165_64427957075998734_n.jpg
571111830_1322216799686136_4990779450492745344_n.jpg
571154988_1322216906352792_1031871687153526246_n.jpg
571173157_1322217039686112_8523332647835970338_n.jpg
571199729_1322216586352824_3442119812386957193_n.jpg
571205498_1322216503019499_8080265376724421055_n.jpg
571265679_1322217119686104_1265928425225411343_n.jpg
571275410_1322216506352832_3615360766934304991_n.jpg
571391075_1322216596352823_6280581513071109901_n.jpg
571436075_1322216686352814_3515792574600362457_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 23.10.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борбордун курулушуна капсула салды.

УКМКдан билдиришкендей, учурда Баетов айылынын түштүк тарабына Т.Жолдубаев жана А.Султаналиев көчөлөрүнүн кесилишине маданий борбор куруу иштери "Барс-курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан башталып, имараттын котлованы казылган.

Долбоордун курулушу президенттин турукташтыруу фонду тарабынан каржыланат. Жалпы сметалык баасы болжолдуу 150 млн сом.

Маданият борборунун жалпы аянты 0,40 га болуп, 3-кабаттуу, жер төлөсү да каралган. Комплексте кинотеатр, китепкана, музей, иш бөлмөлөр, конок күтүү залдары, маданият өкүлдөрүнө керектүү заманбап шарттар камсыздалган.

Өз кезегинде УКМК төрагасы өлкөнүн маданият тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын, аймактарга керектүү маданият үйлөрүн куруу маанилүү экенин баса белгиледи. Андыктан Баетов айылына курулуп жаткан маданий борборуна да өзгөчө көңүл бөлүп, сапаттуу курууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы коомдук маданий борборунун курулушун 2026-жылы бүткөрүү пландалууда.