Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Камчатканын жээгинде бир жумада 270тей жер титирөө катталды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, 30-июлда болгон катуу жер титирөөдөн кийин Камчатканын жээгинде зилзалалар уланууда. Ушул аптада жалпысынан 267 сейсмикалык окуя катталганын Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Камчатка крайы боюнча башкы башкармалыгы билдирди.
"267 жер титирөө катталды. 47си 7 баллга жетип, жер титирөө аймактын ар кайсы айылдарында сезилди", - деп белгилешкен мекемеден.
Маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта эле жарым аралдын жээгинде күчү 3,5 баллдан 6 баллга чейин жеткен 44 жер титирөө болгон. Алардын сегизин аймактын тургундары сезишти.
Эске салсак, 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө Камчатканын чыгыш жээгинде 30-июлда болуп, күчү 8,8 баллга жеткен. Цунами коркунучу жарыяланган. Андан бери Камчатканын жээгинде кайталанган жер титирөөлөр уланууда. Алардын эң күчтүүсү 19-сентябрда катталып, күчү 7,8 баллга жеткен. Петропавловск-Камчатский жана Вилючинскте жер титирөөнүн күчү 7 баллды түзгөн.