Камчаткага жакын жерде 6,2 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 11 Сентябрь 2025 08:55
f560856e-55c2-4854-befc-b9f3f6ff2613.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.09.25 /Кабар/. Россия Федерациясынын Петропавловск-Камчатский шаарына жакын жерде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РАНдын Геофизика кызматына таянып, ТАСС жазды.

Маалыматта белгиленгендей, жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден түштүк-чыгыш тарапка 210 чакырым аралыкта жайгашып, 14 км тереңдикте болгон. Облустун тургундары силкинүүнү сезишкен. Цунами коркунучу жарыяланган жок.