Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Камчатканын чыгыш жээгинде күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, зилзаланын эпицентри Петропавловск-Камчатскийден түндүк-чыгыш тарапка 125 чакырым аралыкта, очогу 40 км тереңдикте жайгашкан.
Мындан улам аталган аймакта жана АКШда башында цунами коркунучу жарыяланып, бирок убакыттын өтүшү менен өлкөнүн Улуттук океан жана атмосфералык башкармалыгы бул коркунуч жок экенин маалымдаган.
Ошондой эле, бул жер титирөөдөн кийин Камчаткада күчү 6 баллга чейинки 30дан ашуун афтершок катталып, алардын дээрлик 20сы акыркы эки саат ичинде болгон.