Камчаткада сутка ичинде күчү 5,5 баллга чейинки 29 афтершок катталды

Дүйнө Загрузка... 02 Сентябрь 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-09-02 at 09.02.08.jpeg
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 2.09.25 /Кабар/. Өткөн сутка ичинде Камчаткаын аймагында күчү 5,5 баллга чейин жеткен 29 афтершок катталды. Бул тууралуу Известия агенттиги кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, сутка ичинде күчү 3,5тен 5,5ке чейинки афтершоктор катталып, калктуу конуштарда жер титирөө бир жолу сезилген.

Мындан сырткары, Камбальный жанар тоосунун активдүүлүгү байкалууда. Ошондой эле Безымянный, Шивелуч, Ключевской, Карымский жана Крашенинников жанар тоолорунун активдүүлүгү уланууда. Туристтерге бул табигый объекттерге жакын барбоо сунушталды.

30-августта Тынч океанда, Түндүк Курилдин жээктеринде күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Сейсмологиялык очок 25 км тереңдикте жайгашып, цунами коркунучу жарыяланган эмес.