Камчаткада сутка ичинде дээрлик 60 жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 04 Ноябрь 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-11-04 at 05.28.10.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Камчаткада өткөн сутка ичинде 60ка жакын жер титирөө катталды. Алардын алтоо Петропавловск-Камчатский шаарында сезилди. Бул тууралуу Геофизикалык кызматка таянып, ТАСС билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, өткөн сутка ичинде 58 жер титирөө болуп, алардын алтоо шаар тургундары тарабына сезилген. Петропавловск-Камчатскиде жер титирөөнүн күчү 4 баллга чейин жеткен.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аймактагы сейсмикалык активдүүлүк жогору бойдон калууда. Катталган жер титирөөлөр 30-июлда болгон ири жер титирөөнүн афтершоктору болуп эсептелет.