Камчаткада Ключевской вулканы атылып, күлү 7 чакырымга чейин көтөрүлдү

Дүйнө Загрузка... 13 Октябрь 2025 09:08
WhatsApp Image 2025-10-13 at 09.00.27.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Камчатканын чыгыш тарабындагы Ключевской вулканы деңиз деңгээлинен 7 чакырым бийиктикке чейин күл чачты. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Вулканология жана сейсмология институтуна таянып, Известия жазды.

Маалыматка ылайык, күлдүн чаңы вулкандын жайгашкан жеринен түштүк-батыш тарапты көздөй 33 чакырымга чейин тараган. Вулкандагы активдүүлүк жергиликтүү жана эл аралык аба каттамдары үчүн коркунучтуу деп табылып, “кызгылт сары” авиациялык эскертүүсү жарыяланды.

Эске салсак, 15-августта да Ключевской вулканы деңиз деңгээлинен 8 чакырым бийиктикке чейин күл чачып, күлдүн чаңы 521 чакырымга чейин чыгыш-түндүк-чыгыш багыты боюнча тараганы кабарланган.