Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 30 июль 2025 11:01
Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 30.07.25 /Кабар/. Камчаткада күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бул 1952-жылдан берки эң катуу жер титирөө. Жердин силкинүүсү жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн саат 11:26да катталган.

Окумуштуулар бул сейсмикалык окуяны классикалык субдукциялык жер титирөө деп эсептешет.

Облус жетекчисинин чечими менен Петропавловск-Камчатскийде жумуш күнү кыскартылды.

“Шаардык №1 балдар поликлиникасынын имараты бузулгандыктан иши убактылуу токтотулду. Шаарда тыгындар, май куюучу жайларда кезек күтүүлөр, электр энергиясы жана мобилдик интернет үзгүлтүккө учурады. Бир нече адам медициналык жардамга кайрылды”,-деп айтылат маалыматта.