Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Камчатканын жээгинде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:21де катталган. Жер титирөөнүн очогу Тынч океандын түбүндө, Петропавловск-Камчатск шаарынан 205 чакырым алыстыкта жана 46,1 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Эске салсак, буга чейин 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан берки эң катуу 8,8 баллдык жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркаткан. Ошондон бери Камчаткада жалпы 369 жер титирөө катталган.