Камчаткада бир сутканын ичинде 54 жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 11 Август 2025 10:10
WhatsApp Image 2025-08-11 at 09.41.34.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.08.2025. /Кабар/. Камчаткада бир сутканын ичинде 54 жер титирөө катталып, анын алтоо калктуу пункттарда сезилди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

“24 сааттын ичинде 54 жер титирөө болду. Анын алтоо калктуу пункттарда сезилди. Жер титирөөнүн күчү 2 баллдан 4 баллга чейин болду”, - деп айтылат маалыматта.

Бир жумада жалпысынан 359 жер титирөө катталды.

Эске салсак, 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан бери эң катуу, күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркаткан.