Камчаткада бир суткада 49 жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 06 Август 2025 10:21
WhatsApp Image 2025-08-06 at 09.28.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Камчаткада бир суткада 49 жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин аймактык башкы башкармалыгынын маалыматына таянуу менен, РИА Новости жазды.

"Бир суткада 49 жер титирөө болду. Анын 11и калктуу конуштарда 2 баллдан 3 баллга чейин сезилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан бери эң катуу, күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркатты. Учурда Северо-Курильск шаарында деңиз жана тик учак каттамдары, ошондой эле жергиликтүү порттун иши кайра жанданды.