Камчаткада бир күндө 8 ирет жер титирөө болду

Дүйнө 19 декабрь 2025 10:24
Камчаткада бир күндө 8 ирет жер титирөө болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.12.25. /Кабар/. Акыркы 24 сааттын ичинде Камчаткада сегиз ирет жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка караганда, алардын күчү 3,6дан 6,5 баллга чейин жеткен. Аймактын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү 6 баллга чейин сезилген.

Камчатка крайы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматында Камчатка булуңунда жер титирөө болгону, бирок ал анча сезилбегендиги белгиленди.