Камчаткада 6,4 баллдык жер титирөө болду

Дүйнө Загрузка... 16 Декабрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-12-16 at 08.31.09.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Камчаткада 6,4 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчатка бөлүмүнүн сайтында кабарланганын, Известия жазды.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Петропавловск-Камчатскийден 224 чакырым чыгышта жер астында 54 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Зилзаладан улам курмандыктар же кыйроолор болгону тууралуу маалыматтар түшкөн эмес.

Эске салсак, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Камчатка крайы боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 4-декабрда Камчатка жээгинде бир суткада 4,1ден 5 баллга чейинки үч жер титирөө катталганын билдирген. Жердин силкинүүсү калктуу конуштарда сезилген эмес.