Камчатка жер титирөөдөн кийин чөгүп кетти

Дүйнө Загрузка... 06 Август 2025 18:20
WhatsApp Image 2025-08-06 at 18.05.45.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Камчаткада 73 жыл ичинде катталган эң күчтүү жер титирөөдөн кийин аймак эки метрге түштүк-чыгышты көздөй жылып гана тим болбостон, чөгүп да кеткен. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын геофизикалык кызматынын Камчатка филиалынын директору Данила Чебров Lenta.ru басылмасына берген маегинде билдирген.

“Камчатка бир аз чөктү. Петропавловск-Камчатск аймагында бир аз, ал эми түштүк тарапта кыйла”, - деп белгилеген Чебров.

Окумуштуу кошумчалагандай, жер титирөө – бул жөн гана жердин силкинүүсү эмес, бул тектоникалык плиталардын кыймылы. Бул кыймылдар кээде чоң амплитудада жүрөт, бирок атайын так шаймандарсыз аны байкоо мүмкүн эмес.

Жер титирөөнүн мындай кесепеттери геологиялык жактан маанилүү өзгөрүүлөрдүн белгиси болуп саналат.

Эске салсак, 30-июлда Камчаткада 1952-жылдан бери эң катуу, күчү 8,8 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Түндүк Курил аралдарында да 8 баллга чейин сезилген. Камчаткада жана Түндүк Курил районунда цунами коркунучу жарыяланып, өзгөчө кырдаал киргизилген. Цунаминин төрт толкуну порт инфраструктурасын жана башка объектилерди жарым-жартылай жабыркаткан.