Камбоджа менен чек арадагы кагылышууда Таиланддын 9 жараны каза болду

Дүйнө Загрузка... 25 Июль 2025 11:55
WhatsApp Image 2025-07-25 at 09.38.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Камбоджа менен чек арага жакын аймакта болгон куралдуу кагылышууда Таиланддын 9 жараны каза болуп, дагы 14ү жаракат алды. Бул тууралуу Таиланд армиясынын расмий билдирүүсүнө таянуу менен, Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Таиланддын түндүк-чыгышындагы төрт провинцияда жети жарандык объектке үйлөргө, ишканаларга, айыл чарба талааларына жана мал чарбаларына ок атуучу куралдар менен кол салуу болгон.

Натыйжада бир катар жай тургундар жабыркаган.

Кырдаал күн мурун эртең менен Таиланд менен Камбоджанын аскерлеринин талаштуу чек ара аймагында бири-бирине ок чыгаруусунан кийин курчуп кеткен.

Учурда аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.