Камбар-Ата-2 ГЭСи жана таза суу: Ири инвестициялык келишимдерге кол коюлду

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 16:20
6a58b12e51b7c.jpg
6a58b12e096ea.jpg
6a58b12e08e05.jpg
6a58b12da5d16.jpg
6a58b12d905ce.jpg
6a58b12d3b85b.jpg
6a58b12d3b7f8.jpg
6a58b12cd9468.jpg
6a58b12cd96b4.jpg
Алдыга
Артка
6a58b12e51b7c.jpg
6a58b12e096ea.jpg
6a58b12e08e05.jpg
6a58b12da5d16.jpg
6a58b12d905ce.jpg
6a58b12d3b85b.jpg
6a58b12d3b7f8.jpg
6a58b12cd9468.jpg
6a58b12cd96b4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланды.

Белгиленгендей, Фонд менен кызматташуунун алкагында энергетика, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылган.

"Бишкек – Ош унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча конструктивдүү кызматташтыкты белгилей кетүү керек, 67 километрден ашык жолдор реконструкцияланды. Ошондой эле, Фондго өлкөнүн энергетика секторун колдогондугу үчүн, атап айтканда, Токтогул ГЭСинин реабилитациялоо долбоорлорунун алкагында, кубаттуулукту 240 МВт көбөйтүүгө мүмкүндүк бергендиги, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоору боюнча, бул кубаттуулукту 120 МВт көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон Кыргызстаны менен артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуусун ырастады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар тармактарда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуу аяктагандан кийин ЕТӨФ каражаттары тарабынан каржыланган эки инвестициялык долбоор боюнча келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү: "Ош облусунун айылдык калктуу конул-жайларында суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу" жана "Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстүнкү суу ташкындаткычын куруу".

Документтерге Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкаруучу директору Ярослав Мандрон жана финансы министри Руслан Суйналиев кол коюшту.