“Калктын ишеним индекси” 18% жогорулады – минкаб башчысы

Министрлер кабинети 1788 26 Январь 2026 14:14
7a27767d-4c35-48c5-98cf-6ea173cbac56.jpg
6976f937a126b.jpg
Алдыга
Артка
7a27767d-4c35-48c5-98cf-6ea173cbac56.jpg
6976f937a126b.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча “Калктын ишеним индекси” тарыхый рекорд коюп, 46,2 баллга жетти. Бул 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 18% жогору. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев минкабдын жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, мониторинг Улуттук статистика комитети тарабынан ар бир жарым жылда жүргүзүлүп турат. Изилдөө өлкөнүн бардык жети облусун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларын камтыйт. Бул коомдук маанайдын өзгөрүшүн жана жарандардын мамлекеттик органдардын ишине болгон ишеним деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

“Индекстин мындай олуттуу өсүшү президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына калктын жогорку ишениминин түздөн-түз далили болуп саналат. Акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн сапаттык жактан жогорулашын жана алардын коомдун талаптарына багытталгандыгын ачык көрсөтүп турат”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине иштин темпин басаңдатпоону тапшырып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн мындан ары да колдоонун жана жарандарды түйшөлткөн маселелерди ыкчам чечүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.