Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайларга мониторинг жүргүзүлдү

Коом 17 сентябрь 2026 10:30
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.29.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-17 at 07.27.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүштү.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, анда убактылуу кармоочу жайларда кармалып турган жарандардын укуктарынын сакталышы жана кармоо шарттары текшерилди.

Мониторингдин жүрүшүндө бир катар системдүү кемчиликтер жана бузуулар аныкталды.

"Чаткал райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында санитардык-гигиеналык жана коопсуздук талаптары сакталган эмес. Даараткананын абалы өтө начар, ал эми жуунуучу жайда суу жок. Мындан тышкары, кармалгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн каралган кутучадагы дары-дармектер талаптагыдай сакталган эмес жана айрым медициналык каражаттардын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

28-августта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барганда убактылуу кармоочу жайда бир жаран кармалып турган. Соттун токтому менен аны 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, аны Жаза аткаруу кызматынын №53 мекемесине жайгаштыруу белгиленген. Бирок, андан 17 күн өтсө дагы шектүү тергөө абагына которулган эмес.

Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу жана тиешелүү чараларды көрүү боюнча чара көрүү актысын жөнөткөн.

"Майлуу-Суу ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында дагы бир катар системдүү кемчиликтер аныкталды. Атап айтканда, камералардын ичи жакшы жарыктандырылбайт, кармалган адамдар сейилдөөчү жайда отургучтардын жоктугу белгилүү болгон", - деп белгилешти Акыйкатчы институтунан.