Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Акыркы үч жылда Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде олуттуу өзгөрүүлөр болду, анын ичинде жаңы жана оңдолгон жайлар ишке киргизилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, акыркы үч жылда Жалал-Абадда олуттуу өзгөрүүлөр болду, жаңы абак курулду. Мындан тышкары, Караколдогу тергөө изоляторунда оңдоо иштери аяктап, азыр ишке берилди.
"Бүгүн Жалал-Абадда акыркы үч жылда олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгилей кетүү керек: жаңы абак курулуп, Караколдогу тергөө изолятору ишке киргизилди. Эгер баары план боюнча болсо, 1 жана 5-тергөө абактарында да иштер ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилиши пландаштырылууда", - деди Нурлан Сарчаев.
Жыйында депутат Советбек Рустамбек уулу түзөтүү мекемелеринде адамдарды кемсинтүүгө же куугунтуктоого жол берилбеши керектигин белгиледи.