Сатылган айдоочулук күбөлүк – кыйылган өмүр: Жол кырсыгынын кесепеттери

Коом Загрузка... 06 Февраль 2026 17:27
WhatsApp Image 2026-02-06 at 17.26.45.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин так сактабай, жоопкерчиликсиз мамиле кылганынын кесепетинен жол кырсыктары азайбай келет. Аталган кырсыктардын айынан айдоочу абакка кесилсе, жабыркагандар өмүр бою кам көрүүгө муктаж болуп, айрымдарынын абалы турукташпай, оо дүйнөгө кете берет. "Кабар" агенттиги бул ирет коомчулукка жол кырсыктарынын кесепеттери тууралуу айтып берет.

Чүйдөгү №8 абакта кармалгандардын ичинен жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган 11 адам жазасын өтөп жатат. Арасында 10 жылга чейин соттолгондор бар.

ajt

Алардын бири каршы тилкеге чыгып, жол кырсыгына кабылып, адам өмүрү кыйылган. Соттун чечими менен ал 6 жылга эркинен ажыратылган.

081667e4-b0e8-4342-9684-105632394bad
“Каршы тилкеге чыгып, алдыдагы унааны ашып өтөйүн деп аракет кылгам. Маңдайыман унаа чыгып калып, кагылышуу болду. Берки айдоочу алдыңкы терезеден сыртта ыргып түшкөн экен. Мени болсо мотор келип кыпчып калган. Жамбашым сынып кеткен. Экөөбүз тең ооруканага жаттык. Берки бала 10 күндөн кийин жандандыруу бөлүмүндө кайтыш болуп калды”, - деди атын атагысы келбеген каарман.

Соттолуучу айдоочулук күбөлүгүн он чакты жыл мурда сатып алганын айтты.

“Акча бергем, ачыгын эле айтыш керек да, жашырып эмне кылам. Окууга барчу эмесмин, экзаменге баргам. 5-класстан бери рулга отуруп келе жатам. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатып эле алгам”, - дейт соттолуучу.

Жол эрежелерин сактоого көңүл кош мамиле кылган айдоочулардын айынан оор жаракат алып төшөктө жатып калган адамдар да көп. Алардын бири 44 жаштагы жаран жол кырсыгынан улам өз алдынча кыймылдай албай, 13 жылдан бери жакындарынын багуусунда төшөктө жатат. Азыр сүйлөй да, баса да албайт.

WhatsApp_Image_2025-02-24_at_12.20.30.width-800

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда акыркы 10 жылда 75 миң жол кырсыгы катталган. Бул жылдарда жол кырсыгынын айынан 9120 адам каза таап, дагы миңдеген киши жабыркаган. 2025-жылы 8456 авто кырсык катталып, андан 900 адам каза болуп, 12 миң 169 адам жаракат алган.