Калктын 11 пайызы психикалык жактан жабыркашына негатив маалыматтар себеп – министр

Ден соолук Загрузка... 22 Ноябрь 2025 16:18
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.11.2025 /Кабар/. Калктын 11 пайызынын психикалык жактан жабыркашына негатив маалыматтар себеп. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, бул расмий статистикалык маалымат. Себеби, бул Республикалык психикалык борборлорго кайрылган адамдардын саны. Мындан сырткары кайрылбаган жарандардын саны дагы көп.

“Кайрылгандардын бардыгын психикалык оорулуу деп айтууга болбойт. Алардын арасында депрессия, тынчсыздануу жана нерв системасынын бузулуусу сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылгандар көп”, - деди министр.

Ал дүйнө жүзү боюнча мындай тенденция байкалып жатканын кошумчалап, негизги себептердин бири – маалымат тармагындагы терс мазмундагы контенттин көптүгү экенин белгиледи.

“Азыр адамдар позитивдүү кабарларга кызыкпай калышты. Көпчүлүк негативдүү жаңылыктарды издеп окушат. Блогерлер, журналисттер да көбүрөөк көрүүчү жана катталуучу топтош үчүн негативдүү маалыматтарды таратууга аракет кылышат.

Ошондой эле учурда адам күнүнө 600 чечим кабыл алат. Мурда бир күнүнө 3 эле чечим кабыл алчу экен. Айырмасы абдан чоң. Чечимдердин көптүгү мээнин чарчашына алып келип, психикалык жактан жабыркатып жатат. Бул дагы адамдын психикалык жактан жабыркашына себеп болууда”, - деди Чечейбаев.