Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Калифорнияда 130 миңдей үй электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Известия PowerOutage мониторинг кызматына шилтеме келтирип жазды.
Маалыматка ылайык, Сан-Францискодо эң көп өчүрүүлөр болгону кабарланууда. Ал жакта 124 500дей үйдө электр энергиясы өчкөн.
Сан-Францисконун мэри Дэниэл Лоринин айтымында, бороондун кесепетинен жол чырактар иштебей, коомдук транспорт жүрбөй калды.
Ал кошумчалагандай, кызматкерлер электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин баштады.
"Жолдо жүргөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз жолдордо офицерлерди көбөйтөбүз", - деп жазган мэр X (мурдагы Twitter) баракчасындагы билдирүүсүндө.
Буга чейин бороондон улам АКШда 300 миңден ашык үй электр жарыгысыз калганы маалымдалган. Эң көп өчүрүүлөр Колорадо (115 миңден ашык), Вашингтон (60 миңден ашык), Монтана (36 миңден ашык) жана Орегон (33 миңден ашык) штаттарында катталган.