Кайсы мектепке канча китеп кеткенин билишпейт: Президент Агартуу министрлигин сындады

Коом
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги санариптештирүү иштеринен артта калыптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда Базар-Коргон районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы министрлик иштерин кагаз түрүндө эле жүргүзүп, кайсы мектепке канча китеп кеткенин билбей турганын кескин сындады.

Президент иш сапарда жүргөн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевгаа республикалык кеңешмеде сөгүш берилмектигин айтты.

“Агартуу министрилиги санариптештирүүдө дээрлик нөл экенсиңер. Дагы эле илгеркидей кагаз менен иштейсиңер. Кайсы мектепке канча китеп кеткенин да билбейсиңер. Эгерде министрликте санариптештирүү иштери жүргөндө бардык иштерди ачык көрөт эле. Мына мурда Социалдык фонддо өтүп кеткен адамдарга пенсия чегериле берген. Азыр санариптештирүүдөн кийин андай акча уурдоолор болбой калды. Агартуу министрлиги санариптештирүүгө тез арада толук өтүшү керек”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.