Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда калдыктарды кайра иштетүү, сорттоо жана утилдештирүү менен алектенген ишканалар экологиялык талаптарды сактоого тийиш. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, калдыктарды кайра иштетүүчү объекттер "Эко Оператор" жүргүзгөн реестрге киргизилиши керек.
Ошондой эле I-V кооптуулук класстарындагы калдыктар менен иш жүргүзүүдө мыйзамдарда каралган учурларда тиешелүү лицензия алуу зарыл.
Мындан тышкары, өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар колдонулуп бүткөн товарлардан жана таңгактардан пайда болгон калдыктарды кайра иштетүү боюнча белгиленген ченемдердин аткарылышы тууралуу жыл сайын 1-апрелге чейин отчёт берүүгө милдеттүү.
Кошумча маалымат алуу үчүн 0770 320 259 телефонуна кайрылууга болот.