Каирде Улуу Египет музейи ишке кирди

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 11:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Каир шаарынын четинде жайгашкан Улуу Египет музейи салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Associated Press агенттигине таянып, Интерфакс билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, музейдин курулушу 20 жылга жакын убакытка созулган. Ал Гиза пирамидаларынын жана Сфинкс комплексинин жанында жайгашкан. Имараттын айнек фасады пирамиданын формасын чагылдырып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрден ашат. Ал эми долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларды түздү.

Жаңы музейде 50 миңге жакын экспонат жана бир катар виртуалдык көргөзмөлөр коюлган. Ошондой эле музейде фараон Тутанхамондун көрүстөнүнөн табылган бардык байлыктар биринчи жолу толугу менен көрсөтүлө баштады.

Адистердин божомолуна ылайык, музейди жылына 5 миллионго чейин киши зыярат кылат. Мындан тышкары, музейден болжол менен 40 мүнөт алыстыкта, Каирдин батыш тарабында Сфинкс эл аралык аэропорту ачылды. Ошондой эле жаңы жогорку ылдамдыктагы жолдор курулуп, жакынкы аралыкта метронун жаңы станциясы ишке кирери айтылууда.