Кадр маселеси чечилүүдө: Куршаб ооруканасына бир жылда 22 дарыгер келди

Ден соолук 538 24 Июнь 2026 10:20
2bf9e2bc-c359-49d7-9259-41df812d2a1e.jpg
2c79fa63-f193-4bcf-a9a7-6c578512ebdf.jpg
3daf7447-062b-40ff-b262-71347599b351.jpg
09ccd046-74e5-42f1-9f73-1f10d847344f.jpg
078c07f5-b0c9-4c8b-bb9d-6f8cfa520082.jpg
903289a0-3620-43e8-9ec2-0f5792c2912c.jpg
e85eee91-47d8-4fdc-befa-1a9ca670df1c.jpg
f7c8b44e-7f77-46bf-bb5f-00595c0006db.jpg
f9d12aff-a120-47e7-84cd-a87eb4d655e6.jpg
f99bc591-00a0-4bbf-b2ca-f99b702c751a.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Өзгөн районуна караштуу Куршаб аймактык ооруканасында акыркы бир жылда кадр маселеси чечилип, бейтаптар үчүн шарттар кескин жакшырды. Бул тууралуу медициналык мекеменин жетекчиси Элмурат Эркулов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын башында ооруканада негизги көйгөйлөр – адистердин тартыштыгы жана жылытуу тутумунун жоктугу болгон. Көйгөйдү чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан 14 млн сомго жакын каражат бөлүнүп, борборлоштурулган жылытуу тутуму толугу менен ишке киргизилди.

"Бир жыл ичинде ооруканага 22 дарыгер тартылды. Алардын арасында жаш адистер, чет өлкөдөн кайткан жана жеке сектордон келген дарыгерлер бар. Дарыгерлердин саны 48ден 70ке жетип, камсыздоо көрсөткүчү 80%га жакындады. Учурда хирург, анестезиолог, неонатолог жана педиатрлар туруктуу иштеп жатышат. Ооруканада лапароскопиялык хирургиялык жана гинекологиялык операциялар жасала баштады", - деди ал.

Ошондой эле оорукананын жетекчиси кабыл алуу бөлүмүнүн күчөтүлүшү менен кечиктирилгис жардам алган бейтаптардын саны 2024-жылдагы 547ден, 2025-жылы 1697ге чейин өскөнүн белгиледи. Реанимация бөлүмү күнү-түнү кызмат көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, өзгөрүүлөр алыскы аймактарга да жетип, тоолуу Жалпак-Таш айылында жергиликтүү лаборатория уюштурулду.

"Бүгүнкү күндө тургундар керектүү жардамды өздөрү жашаган жерден ала башташты. Көптөгөн кызматтар үчүн ири шаарларга баруунун кажети жок болуп калды", - деди Эркулов.