Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирдишти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган кылмыш ишинин бети ачылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчилери жеке материалдык пайда табуу максатында, кызматтык абалынан пайдаланып, жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берип келишкени такталган.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен мурдагы жооптуу кызмат адамдары С.М.М. жана М.Ш.М. кармалып, сот тарабынан аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка фигуранттарды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.