Кадамжайда логистикалык борбор жана күнөскана куруу сунушталды

Аймак Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 09:30
1350783.b831301d965783e7ccf4f272e6f5e330.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кадамжай районунда Кытайдын Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өттү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда компания өкүлдөрү өнөр жай жана коммерциялык багыттагы ири өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча долбоорлорун тааныштырышты. Алар заманбап логистикалык борборлорду, күнөскана комплекстерин жана башка өндүрүштүк-инфраструктуралык объектилерди куруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

763779017_909017178913965_610699485570474809_n

Тараптар инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

759871657_1300468555275219_9105409995170139904_n