Кадамжайда көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду

Кырсык Загрузка... 20 Май 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Кадамжайда көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кадамжай районуна караштуу Боз айылындагы тоодо жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге (9-забой) газ толуп, ичинен 1 эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, аталган жарандын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.