Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Кабо-Верде курама командасы биринчи жолу футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, Кабо-Верде улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын африкалык тандоо оюндарынын алкагында Эсватини курама командасын 3:0 эсебинде утуп, жеңишке жетти.
Кабо-Верде курамасы он беттеште 23 упай топтоп, D тайпасында биринчи орунга чыкты.
Бул жыйынтык менен алар тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатында ойноого жолдомо алды.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин Канада, Мексика жана АКШда өтөт. Турнирге 48 команда катышат.