Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) Кыргызстан менен Кытайдын башкы маалымат агенттиктеринин ишин изилдеген тарыхтагы эң биринчи илимий диссертация корголду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Кытайлык докторант Цзян Линь өзүнүн илимий ишинде Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Кытайдын дүйнөгө таанымал "Синьхуа" маалымат агенттигинин жаңылыктарын жана ишмердүүлүгүн терең изилдеген. Бул медиа тармагында эки өлкөнүн башкы маалымат булактарын комплекстүү түрдө салыштырган эң алгачкы илимий эмгек болуп калды.

Изилдөөдө бүгүнкү күндүн эң негизги багыттарынын бири болгон "конструктивдүү журналистика" (жаңылыктарда көйгөйдү эле айта бербей, аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүү) темасы талдоого алынган.
"Бул коргоо КУУнун журналистика факультетинин тарыхындагы эң биринчи PhD докторлук диссертация болуп катталды", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, илимий ишти даярдоого кыргызстандык окумуштуу, доцент А. Дүйшекеева жана Казак улуттук университетинин окутуучусу Ш. Нуржанова жетекчилик кылышкан.

Илимий коомчулуктун өкүлдөрү бул эмгек эки өлкөнүн журналистикасындагы тажрыйба алмашууну жаңы деңгээлге көтөрөрүн жана келечектеги адистер үчүн абдан баалуу курал болорун баса белгилешти.