Үйүн милицияга алдырган аял: Президентке жолугуу үчүн Бишкектен Ноокатка келдим

Президент Загрузка... 15 Апрель 2026 23:25

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолугушкан учурда тургун өзүнүн турак жай маселеси боюнча арызданып кайрылды.

Анын айтымында, ал мамлекет башчысына жолугуу үчүн атайын Бишкектен келген. Тургун өз сөзүндө мурда ички иштер органдарында иштеген кызматкер анын үйүн тартып алганын билдирди.

"Менин үйүмдү ошол кезде милицияда иштеген адам тартып алган. Ошондон бери ал ошол жерде жашап келет. Бирок үйдүн бардык документтери менин колумда жана биз ал жерге расмий катталганбыз", — деп билдирди жабырлануучу.

Арызды уккан соң Садыр Жапаров бул маселени тыкыр изилдеп, калыс чечим чыгарууну тиешелүү органдарга тапшырды. Тактап айтканда, мамлекет башчысы Кара-Суу районунун прокуроруна жана сотуна бул ишти мыйзам чегинде карап чыгууну жүктөдү.

Эске салсак, президенттин аймактардагы жолугушууларынын алкагында жарандардын жеке көйгөйлөрү, анын ичинде укук коргоо жана сот тутумундагы маселелер өзгөчө көңүл борборунда болууда.