Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата жана миссиясы аяктап жаткан Хироюки Кавамото менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Масабиров Кавамотого Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо, айыл чарба, жол жана энергетика тармактарындагы ийгиликтүү долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы өкүл Нишигатага ийгилик каалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров JICAнын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын кызматташуусу жаңы деңгээлге чыкканын белгиледи. Анын айтымында, JICAнын колдоосу менен саламаттыкты сактоо, айыл чарба, жол жана энергетика тармактарында бир катар ийгиликтүү долбоорлор ишке ашкан. Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканалардагы жаңылануулар мунун ачык мисалы.
Өз кезегинде Кавамото кыргыз тарап менен кызматташкан жылдарын сыймык менен эстеп, парламентке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Нишигата кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары жаңыдан ишин баштаган Котаро Нишигатага ийгиликтерди каалап, башталган долбоорлорду мындан ары да биргеликте улантууга ишенимин билдирди.