"Jashyl Dem Fest | JAZ 2026": Кыргызстанды жашылдандырууга кадам

Министрлер кабинети 04 Апрель 2026 19:30
69d10fa0369b6.jpeg
69d10ff80def1.jpeg
69d10f9bbfafe (1).jpeg
69d10ff1804b0.jpeg
69d10fec3713a.jpeg
69d10fd0c1aea.jpeg
69d10fb0333e0.jpeg
69d10fafc28c3.jpeg
69d10fa7e6cd5.jpeg
69d10fa4630a4.jpeg
69d10f9bbfafe.jpeg
Алдыга
Артка
69d10fa0369b6.jpeg
69d10ff80def1.jpeg
69d10f9bbfafe (1).jpeg
69d10ff1804b0.jpeg
69d10fec3713a.jpeg
69d10fd0c1aea.jpeg
69d10fb0333e0.jpeg
69d10fafc28c3.jpeg
69d10fa7e6cd5.jpeg
69d10fa4630a4.jpeg
69d10f9bbfafe.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн  менен биргеликте “Jashyl Dem Fest | JAZ 2026” жазгы экологиялык фестивалына катышты.

Минкаб төрагасы жана минкабдын мүчөлөрү “Ала-Тоо” полигонунда пландалган аскердик машыгуулар аяктагандан кийин баары биргеликте экологиялык иш-чарага келишти.

Фестивалдын борбордук иш-чарасы  флагштоктун жанында жайгашкан Байтик айылында (Боз-Бөлтөк аймагы) өттү. Анда Адылбек Касымалиев жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү бадам, жаңгак жана өрүктүн көчөттөрүн отургузушту.

Акциянын жүрүшүндө минкаб төрагагасы бакчаларды отургузулган көчөттөрдүн мындан ары да каралуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Көчөт отургузуу - бул биринчи гана кадам. Эң негизги жана жоопкерчиликтүү кадам - аларды системалуу жана сапаттуу кароо. Бүгүнкү күндө ар бир отургузулган көчөт көңүл бурууну, өз убагында сугарууну, камкордукту талап кылат, ал өсүп келе жаткан муундарга татыктуу мурас болуп кала турган толук кандуу бакчага айлансын", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Бул аймак президентинин Иш башкармалыгынын карамагында, ал зарыл болгон агротехникалык иштердин баарын аткарат, анын ичинде сугарууну жана отургузулган бак-дарактарды коргоону камсыз кылат.

Эки күндүк экологиялык марафондо (4-5-апрель) жалпысынан 70 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда: Чүй облусунда 40 миң, башка аймактарда дагы 30 миң көчөт отургузулат.