“Чыңгыз Ааламы” комплексинин курулушу 70 пайызга аяктады

Аймак Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 11:25
510975949_3457932834349891_4974269274799349324_n.jpg
751112471_1540180377581006_2784834792317663143_n.jpg
749286605_1540180264247684_790455541556909248_n.jpg
749542617_1540180147581029_3525275036274247183_n.jpg
749432991_1540180270914350_6710972451252544806_n.jpg
748133932_1540180347581009_2526085421988954954_n.jpg
749085036_1540180197581024_4852147589342566393_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында салынып жаткан "Чыңгыз Ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев комплекстин курулуш жүрүшүн текшеришти.

Анда аталган иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп жатканы, учурда объекттин жалпы даярдыгы 70 пайызды түзөрү белгиленди.

Долбоор президенттинин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, комплексте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулат.

Курулуш иштери министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Маданий-мемориалдык комплексти эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландалууда.