Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштерине таасир бере турган жагдайлар

Аналитика Загрузка... 22 Январь 2026 17:38
WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.14.23.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 11 айында Кыргызстан боюнча 20 миңге чукул үй-бүлөлүк зомбулук окуялары катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27,5%га көп. Жакындарына зомбулук көрсөткөндөрдүн 94%ы эркектер, калган 6%ы аялдар. Жакындарына карата зомбулук “ар бир үйдүн ички маселеси” коомдук маселеге айланды. Аялдарга жана балдарга карата мыкаачылык окуялары боюнча өлкө жетекчилиги кескин пикир билдирип, укук коргоо органдарынан жогорку жоопкерчиликти талап кылды. Бул арада адистер маселе менен күрөштү түп-тамырынан трансформациялоо зарылдыгын белгилеп жатышат. Жан кейитерлик көрсөткүчтөр жана профилактикалык иш-чараларда эмне өзгөрүүсү керек? Кийинки макалабызда юрист, укук коргоочулар менен биргеликте жооп издедик.

Тарыхты карасак, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө миңдеген жылдар бою үй-бүлөлүк зордук-зомбулук норма катары катары кабыл алынып, ачык талкууланган эмес. Ал эми айрым маданияттарда аялдар менен балдарга “шапалак” колдонууга уруксат берилген. Жакындарына карата “зөөкүрлүк кылмыш” катары өткөн кылымдын 60-70-жылдары тааныла баштаган. Улуу Британия, АКШ сымал ири өлкөлөрдө зомбулукка каршы мыйзамдар киргизилген. Бул адам укуктарын бузуу экени 1993-жылы БУУнун аялдарга карата зомбулукту жок кылууга багытталган декларациясы менен бекитилип, эл аралык мааниге ээ болгон. 2011-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучуларды коргоо боюнча Стамбул конвенциясына кол коюлган. БУУнун маалыматы боюнча, 2025-жылы дүйнө боюнча 316 миллион аял зомбулукка кабылган. Өлүм менен аяктаган учурлар миңдеп саналат (2024-жылы 50 миң аял жана кыздар).

Үй-бүлөлүк зомбулук эң жашыруун кылмыштардын башында турат, көпчүлүк жабырлануучулар үй-бүлөлүк ички жаңжал катары укук коргоо органдарына кайрылбайт. Анын жабык бойдон калуусунун себеби коркунуч, үйдө зомбулук болуп жатканы туурасында айланадагыларга айтуу мүмкүнчүлүгүнүн жана эркинин жоктугу болуп саналат. Акыркы жылдардагы зомбулук окуяларынын көбөйүүсү, бир четинен окуялардын коркпостон, уялбастан ачык айтылып жатканы менен да түшүндүрүлүүдө.

Ал эми коомчулукка ачык жарыяланган окуялар өтө аянычтуу. Жаңы жылдын алдында күйөсү атып салган Жибек Үрустемова, мурунку күйөсү 37 жолу бычак урган Рахима Айкымбаева, жолдошунан 22 жолу бычак жеп каза болгон Айгерим Нурланбекова, мойнуна дөңгөлөк илинген Дилбара, мурунку күйөсү кулак-мурдун кесип салган Асел Ногойбаева жана башкалар. Кейиштүүсү, коомдо трагедия катары талкууланып, сындалганына карабай, мындай кылмыштардын улам катталып жатканы. Акыркы окуялардан улам президент Садыр Жапаров дагы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы аялдарга жана балдарга карата кылмыш кылгандарды эч бир шарт, салт, мыйзам актабай турганын кескин эскертишти. Мындай окуяларга жол берген бир нече сот, милиция кызматкерлерине кылмыш иштери ачылды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2025-жылдын 11 айында 20 миңге чукул (19995) үй-бүлөлүк зомбулук окуялары катталган. 2024-жылдын ушул маалында 15 миң 675 болчу. Бир жыл ичинде 4320 окуяга көбөйүп, 27,5% түзгөн.

Үй-бүлөлүк зомбулукка баргандардын дээрлик 94% эркектер, аялдарга калган 6%ы туура келет. Бул жагдайды милиция тарабынан берилген коргоо ордерлеринен байкаса болот. Ошондой эле коргоо ордери жашы жете элек 414 балага берилген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Алардын басымдуу бөлүгү кыздар.

3.png

2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 519 кылмыш иши катталып, анын 328и сотко жиберилген да, 145 иш сотко жетпей токтотулган. Алардын ичинен 31 окуя өлүм менен аяктаса, 57 учурда денесине ар кыл даражадагы залал келтирилген. Кыйноо менен зомбулук көргөндөрдүн саны 28 адам болсо, 4 адам коркутуп-уркүтүүгө кабылган. Зордуктоо боюнча 28 кылмыш иши козголсо, 10 учур жыныстык мүнөздөгү аракеттерге байланышкан. Жашы жете элек балдарга сексуалдык мүнөздөгү аракет боюнча 1 кылмыш иши, ал эми адепсиз аракет боюнча 11 кылмыш иши ачылган. Буга чейинки жылдардагы статистика дагы көңүл жылытарлык эмес.

Снимок экрана 2026-01-21 171355.png

Үй-бүлөдө аялдар менен балдардын абалы боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылгандар да бар. Мекеменин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укугун бузуу боюнча 129 арыз түшкөн. 2024-жылы бул цифра 135 болчу. Учурда дагы 10 зомбулук окуясы Акыйкатчынын көзөмөлүндө турат.

2.png

Акыйкатчыга адатта адвокат же юридикалык жардам сурап, психологиялык зомбулукка кабылган балдарга көмөк сурап кайрылышат. Мындан сырткары, психолог жана кризистик борборлорго жиберүү өтүнүчү менен да кайрылышат. Акыйкатчы институтунан маалыматына көз жүгүртсөк, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар кабылган көйгөйлөр өтө көп.

3.png

Ийгиликтүү эл аралык тажрыйбалар

АКШда зомбулуктун жабырлануучулары ыкчам линияга чалып, дээрлик 10 тилде психолог баштаган тажрыйбалуу адистердин кеп-кеңешин алышат. Ал эми Италияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен чет элдиктерге сотто коргонуу кепилдиги берилет, жабырлануучунун адвокаты толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Ошондой эле сот иштерине байланыштуу чыгашалар мамлекет тарабынан камсыздалат. Германияда үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы билинип калса, жабырлануучулардан арыз күтпөстөн, полиция өзү эле кылмыш ишин ачып, териштире баштайт. Бул эффективдүү ыкма катары далилденгени айтылууда. Ал эми Швецияда жабырлануучунун денесиндеги тактар, жарааттар кылмыш ишин ачууга негиз болуп берет. Ошондой эле полиция коркунучтун деңгээлин өзү аныктап, коргоону сунуштай алат. Франциянын тажрыйбасы да позитивдүү деп эсептелет. Бул өлкөдө жабырлануучулар сотко кайрылгандан кийин, ал коргоого алынып, агрессордун жабырлануучуга жакындоосуна тыюу салынат. Зомбулук өлүм менен аяктай турган болсо, айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылат. Британияда шектүүлөрдү 2 суткага камап кое алышат. Ошондой эле үйлөнөр алдында жарандар келечектеги жубайынын зомбулук аракеттерин текшертүү үчүн арыз жазса болот.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукту ооздуктоого байланыштуу мыйзамдар боюнча жабырлануучуларга коргоо ордерин берүү каралган. Ошондой эле милиция ар бир кайрылууга реакция кылууга милдеттендирилип, зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Мындан сырткары, мыйзам боюнча жаңжалдашкан тараптар элдеше албайт, мындай кылмыштардын мөөнөтү өтүп кетпейт. Кайсы маал болбосун жазасын алуусу керек. Ал эми зордуктоо боюнча кылмышка шектүүлөрдү күрөө менен чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү жок. Өткөн жылы жүз берген мыкаачылык окуялардан улам Кыргызстан мыйзамдарына өлүм жазасын киргизүү сунушталып, чоң талкуу жаратты. Жыйынтыкта бул жазаны колдонуу мүмкүн эместиги белгилүү болду.

Юрист Эржан Сулайманов: кылмышкер катаал жазага тартылышы керек

Юрист Эржан Кайыповдун пикиринде, аялдар жана балдарга карата жасалган кылмыш учурунда сот адилеттиги өзүнө катаал жазаны камтышы керек. Укук коргоочу Ысык-Көлдөгү 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын аянычтуу окуясынан кийин, тийиштүү сотторду да кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттеринин болуп жатканы жагымдуу белги дейт.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.20.43.jpeg

“Азыркы укук системасында жабыркаган тараптын укугун камсыздоо, аларга моралдык колдоо көрсөтүү аркылуу адилеттүүлүктү орнотуу, аларды сот адилеттигине ишендирүү сымал аракеттер алсыз. Көбүнчө иш кылмыш кылган тарап менен гана жүргүзүлөт. Ал эми түрмөлөрдөгү шарттарды гумандаштыруу маселелери козголо берип, биздеги реалдуу жагдайлар унутулуп калууда.

Жабыркагандардын укугун коргоо демекчи, Ысык-Көлдө окуучу Айсулуу Мукашева өлтүрүлгөндөн кийин анын жакындары, айыл тургундары катаал жаза берүүнү талап кылышты. Албетте, катаал жаза адам өмүрүн кайрып бербейт. Бирок, катаал жаза менен оор кылмыштардын кайталанышына бөгөт коюлмак”, - деди юрист Эржан Кайыпов.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 11.17.16.jpeg

Ал эми Аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянстын мүчөсү Назгүл Турдубекова жоопкерчиликтин баары укук коргоо органдарына үйүп таштап, баарын жалгыз милициядан талап кылуу туура эмес экенин белгилейт. Анын пикиринде коомдун бул көйгөйгө мамилесин өзгөртүү керек.

"Аялдарга, балдарга жана карыларга карата зомбулук азыркыга чейин токтой элек. Бул көйгөй бир эле себептен эмес, көп факторлордон улам чыгып жатат. Зомбулукту азайтуу үчүн бир нече деңгээлде иш алып баруу керек.

Адамдар өз укуктарын билиши, ачуусун башкара алышы, зомбулуксуз сүйлөшүүнү үйрөнүшү керек. Психологиялык жардам жеткиликтүү болуп, зомбулук үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун ар ким түшүнүшү зарыл.

Үй-бүлөдө жубайлардын бири-бирине сый мамилеси, каржылык туруктуулук, жакындардын колдоосу маанилүү. Ичкилик, баңгизат сыяктуу зыяндуу адаттар зомбулукту күчөтөт. Ошондуктан мындай жаман адаттардан арылуу кажет.

Муну менен катар, мыйзамдар иш жүзүндө аткарылышы зарыл. Милиция, сот, социалдык кызматтар жакшы даярдалып, жаза сөзсүз колдонулушу керек. Ошондой эле аялдардын билим алып, иштеп, каржылык жактан көз карандысыз болушу зомбулукту азайтат.

Балдар үчүн коопсуз чөйрө түзүлүп, алар өз укуктарын билиши керек. Ата-энелерге баланы туура тарбиялоо ыкмалары үйрөтүлүшү зарыл”, - деди Назгүл Турдубекова.

Үй-бүлөлүк зомбулук — олуттуу көйгөй, аны чечүү үчүн чаралар мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүшү керек. Бул жерде жаза берүү эле жетишсиз. Коомдо, айрыкча жаштар арасында, жаңжалды күч колдонбостон сүйлөшүү жана макулдашуу аркылуу чечүүнү үйрөтүү маанилүү. Ошондой эле маданияттын, каада-салттын жана диндин адамгерчиликти, тынчтыкты даңазалаган жакшы баалуулуктарын жайылтуу зарыл. Ар бир адамдын өмүрү менен ден соолугу кол тийгис экенин коомдун аң-сезимине сиңирүү негизги максат болушу керек.