Аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү күн тартибинен түшө элек. Мамлекет агрессорлорду көзөмөлдөөнүн жана жазалоонун катаал чараларын колдонууга өттү. Кылмыш кодексинде үй-бүлөлүк зомбулук үчүн өзүнчө берене бар. Ага ылайык, үй-бүлө мүчөлөрүнө физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөндөр 2 жылдан 5 жылга чейин соттолот. Анын баскан-турганы, кайда жүргөнү электрондук көзөмөлгө алынат. Балага жана энеге зөөкүрлүк кылгандарга жазаны катаалдаштыруу сунушу менен аймактардан келген делегаттар Элдик курултайда өлкө башчысына да кайрылышканы маалым.
Жаңырган жылдын бир жарым айында эле кыйла кейиштүү окуялар катталды. Жубайына өрт койгон күйөө, тапанча менен коркутуп сабаган, аялын бычактап өлтүргөн жолдошу, карындашына кол көтөргөн ага, энесин уруп, колун сындырган бала жана балдарын кыйнаган ата. Үйдөгү зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүүдө.
Алсак, Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 11 айында 20 миңге чукул (19995) үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 2024-жылдын ушул маалында 15 миң 675 болчу. Бир жыл ичинде 4320 окуя кошулуп, 27,5% түзгөн.
Үй-бүлөлүк зомбулукка баргандардын дээрлик 94% эркектер, аялдарга калган 6% туура келет. Бул жагдайды милиция тарабынан берилген коргоо ордерлеринен байкаса болот. Салыштыра келсек, 2019-жылы үйдө зомбулук көрсөтүү фактысы менен коргоо ордери 6 миң 145 адамга берилсе, 7 жыл ичинде эки эсе көбөйүп, 2025-жыл 12 миң 756 адамга ордер тапшырылган.
2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 519 кылмыш иши катталып, алардын ичинен 31 окуя өлүм менен аяктаган.
Ошондой эле коргоо ордери жашы жете элек 414 балага берилген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Алардын басымдуу бөлүгү кыз балдар.
Бул статистика көйгөйдүн масштабын эле эмес, аларга реакция кылуунун күчөгөнүн жана окуяларды аныктоолордун көбөйө баштаганынан да кабар берет. Маселе 2025-жылдын соңундагы Элдик курултайда да көтөрүлгөнү маалым. Делегаттар үй-бүлөсүнө зөөкүрлүк кылган, аялдарын жана балдарын таштап кеткен эркектерге мамлекеттик кызматка барууга, депутат болууга тыюу салууну сунушташкан. Арасында коррупционерлерге, үй-бүлөлүк зомбулукка баргандарга жана бачабаздарга өлүм жазасына уруксат берүүнү сурангандар да болгон.
Абал кызыл чекке жетип калганын курултайда президент Садыр Жапаров да белгилеген. Ал мамлекет катаал чара көрө турганын, аялга же балага кол салган бир дагы кылмышкер жазадан кутулбай турганын билдирген.

“Өлкөнүн 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жок кылууга артыкчылык берилген. Бирок мен дагы кесе айтам, коомдук маданиятты өзгөртүү зарыл! Эч бир салт, турмуш, шылтоо зомбулукту актабайт”, - деген өлкө башчысы Садыр Жапаров.
Адистер үй-бүлөлүк зомбулукка ашкере агрессия, алкоголь, терс адаттарга көз карандылык, стресс абал, зомбулукту көрүп чоңоюу, каада-салттагы стереотиптер, маданият менен билимдин төмөндүгү, жумушсуздук жана жакырчылык баштаган психологиялык, социалдык, экономикалык факторлор себеп болорун белгилеп келишет. Андыктан маселени комплекстүү түрдө чечүү зарыл.
Элдик курултайда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине балдардын жөлөк пулунун өлчөмүн жогорулатуу жана айрым аймактарды бийик тоолуу аймактардын катарына киргизүү боюнча кайрылуулар түшкөн. Мекеме көйгөйлөр этап-этабы менен чечилип жатканын билдирди.
Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк
- 2026-жылдын 12-январынан тарта ай сайын берилүүчү жөлөк пул дайындалды. Каражат бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарда, өзгөчө статусу бар чек арадагы калктуу конуштарда жашагандардын үчүнчү жана андан кийинки ар бир төрөлгөн, асырап же камкорчулукка алынган баласына 3 жашка чейин төлөнөт.
”Бала Береке” төлөмү
- 2026-жылдын 1-январынан тартып бир жолку төлөм киргизилди. Төлөмдөр 4 балага 100 миң сомдон башталып, 10 балага 2 млн сомго чейин жетет.
Кризистик борборлор
- Министрлик аларды мамлекеттик социалдык буюртма аркылуу каржылоодо
”Бирдиктүү терезе”
- Сексуалдык зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган жарандарга психологиялык, медициналык жана укуктук жардам көрсөтөт.
Түз байланыш линиялары
”5200” ыкчам линиясы жана балдар үчүн “111” ишеним телефону күнү-түнү акысыз кызмат көрсөтөт.
Акыйкат издеген жабырлануучулар
Үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча ишти Акыйкатчы институту да алып барат. 2025-жылы аялдардын укуктарынын бузулушу боюнча 47 арыз, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча 29, жашы жете елек балдардын укуктары боюнча 36, алимент боюнча 56 арыз түшкөн.
Жабырлануучулар кабылган негизги тоскоолдуктар:
- Соттук-медициналык экспертиза тарабынан зыяндын деңгээлинин негизсиз төмөндөтүлүшү;
- Иштин сотко жетпей токтоп калышы;
- Агрессорлор тарабынан коргоо ордеринин бузулушу;
- Жабырлануучунун агрессор менен бир үйдө жашоого мажбурлугу.
2025-жылы президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, үй-бүлөлүк агрессордун билегине 3 айга чейин электрондук билерик тагылып, кыйлымы көзөмөлгө алынат. Эгер ал көзөмөлдөн баш тартса, 14 суткага чейин камалат. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинде үй-бүлөлүк зомбулук өзүнчө беренеге бөлүнгөн. Үй-бүлө мүчөсүнө психологиялык жана физикалык мыкаачылык кылгандар 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
2024-жылы президенттин жарлыгы менен балдардын укугун коргоо үчүн республика боюнча 550 социалдык кызматкер штаты киргизилген.