26-майда 38 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургунун жолдошу атып, ал алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон. Ош облустук ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын маалымдады. Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары маркумдун 40 жаштагы күйөөсү камакка алынды. Бул окуя коомдо үй-бүлөдө, анын ичинде аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүн дагы бир ирет коңгуроо кылды.

Үрөй учурган мындай окуялардын көбөйүп жатканы коомчулукту тынчсыздандырууда. Агартуучу, педагог Асылбек Жооданбеков Кыргызстанда зомбулук фактыларынын көбөйүп жаткандыгынын бир канча себептери бар экенин айтат. Коомдун билим деңгээлинин, укук түшүнүгүнүн төмөндүгү, аялдар эркектердин менчиги дегендей көз караш калыптанганы, жубайы күйөөсү тараптан кол көтөрүүнү нормалдуу көрүнүш катары караганы трагедиялуу окуялар менен аяктап жатат.

“Бизде көбүнчө физикалык зордук-зомбулук көрсөтүү кеңири кулач жайган. Калганын зомбулук катары деле санабайбыз. Ата-эне, коомчулук муну асыресе көрүнүш катары караган учурлар бар. Ал тургай бул мезгилге чейин укук коргоо органдары да турмушта боло бере турган жагдай катары кайдыгер мамиле кылышы, өзүңөр чечишип алгыла деген кыязда мамиле кылып келишкен. Дагы бир маанилүү себеби, эркектердин өздүк ишеними, билими төмөн. Ушул эле жагдайда айрым таасирлерден улам кыздар дагы күйөөсү тараптан кол көтөрүүнү нормалдуу көрүнүш катары караган учурлар бар. Дагы бир маанилүү фактор аялдар эркектердин менчиги дегендей көз карашта калыптанып калган. Ушул факторлор коомдогу зомбулуктун жайылышына себеп болууда”, - деп эсептейт Асылбек Жооданбеков.
Ошондой эле ал адатта укук коргоо органдарында аял киши же зордук көргөн киши оор залакат албаса же өлүп калбаса кош көңүл мамиле жасалып жатат деген ойдо.
“Мыйзамдардын толук кандуу иштешин камсыз кылуу менен коомчулук мындай жагдайларга каршылык көрсөтүүлөрү зарыл. Журналисттер, коомчулук бул жагдайларды системалуу иликтөөгө алуулары зарыл. Зомбулукка каршы мамлекеттик деңгээлде иш чараларды өткөрүп, коомчулук буларды оор кылмышкерлер деп таануусу керек. Эң негизгиси бар мыйзамдардын так, сааттай иштешин камсыздоо зарылдыгы бар”, - деди педагог.
Өлкөдө аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоо системасы оор кризисте турганын Аялдар жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянстын мүчөсү Назгүл Турдубекова да белгилейт.

“Дээрлик күн сайын сабоо, коркутуу, сексуалдык зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары катталып, бул трагедиялар жазасыздык, алдын алуу чараларынын жетишсиздигинин шартында орун алып жатат. Мындан улам улуттук альянска кирген 40тан ашык уюм жана мүчө президентке, министрлер кабинетинин төрагасына, Жогорку Кеңешке, укук коргоо органдарына кайрылуу жолдодук. Мындай окуялар жекече гана эмес, өлкөдө аялдарга, энелерге жана балдарга карата зомбулуктун өсүп жатканын дагы бир жолу далилдеген көрүнүш. Биз Кыргызстанда аялдар менен балдардын өмүрүн, коопсуздугун жана укуктарын камсыз кылуу үчүн шашылыш, чечкиндүү жана системдүү чараларды көрүүгө чакырабыз. Биз мамлекеттик органдар менен ачык диалогго жана чогуу иш алып барууга даяр экенибизди билдиребиз”, - деди ал.
Ошол эле маалда Назгүл Турдубекова зомбулуктун ар бир фактысы боюнча калыс, объективдүү жана ачык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышын, ал эми жабырлануучулар менен күбөлөргө эффективдүү коргоо чаралары колдонулушун камсыз кылуу керек деген пикирде.
“Жабырлануучуларга басым көрсөтүү, ишти жаап коюу же тараптарды элдештирүү жолу менен токтотууга жол берилбеши керек. Аялдар менен балдардын укуктарын коргоо жаатында иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жабырлануучулар менен иштөө, алдын алуу жана укуктук колдоо көрсөтүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү кажет. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча Улуттук программаны иштеп чыгып, кабыл алуу учур талабы. Программа так индикаторлорду, мониторинг механизмдерин жана туруктуу каржылоо булактарын камтууга тийиш”, - деп кошумчалады ал.

Эксперттер эң негизгиси өзүнөн алсыз адамдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаларды катаалдаштыруу менен мыйзамдардын так иштешин камсыздоо мезгил талабы экенин айтышууда. Мындай кылмыштарды олуттуу карабаган укук коргоо кызматкерлердин өзүнө жазаны күчөтүү зарылдыгын белгилешүүдө.
Мындан тышкары билимдүү, өз укуктарын билген, финансалык жактан бирөөгө көз каранды болбогон уул-кыздар өзүн коргой аларын, коом зомбулукка карата каршылык көрсөтүп, ар бир окуяга кайдыгер карабастан жигердүү мамиле кылуу маанилүү дешет адистер.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2025-жылдын 4 айында 6536 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1713 фактыга же 36%га көп экенин көрсөтүүдө.