Үй-бүлө институтун чыңдоо: Жаш ата-энелердин сабаттуулугу жогорулатылат

Министрлер кабинети Загрузка... 11 Март 2026 16:50
597822258_3661236777352828_3880239065232379135_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ "Жаштар жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана үй-бүлө институтун чыңдоого, жоопкерчиликтүү ата-энеликти калыптандырууга жана жаш үй-бүлөлөрдүн психологиялык-педагогикалык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Токтомдун негизги милдети болуп никеге туруучу адамдар, ошондой эле жаш ата-энелер үчүн окуу программаларынын түзүмүнө жана окутуу курстарын уюштуруу тартибине бирдиктүү талаптарды белгилөө саналат.

Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга бекитилген, тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын чегинде (макулдашуу боюнча), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.