Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынан соңку 65 саатта 244 киши көз жумуп, 1277 киши жарадар болду. Бул тууралуу Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Хоссейн Керманпур “Синьхуа” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Хоссейн Керманпурдун айтымында, курман болгондордун 90 пайыздан ашыгы карапайым тургундар.
Белгилей кетсек, Израиль буга чейин 13-июнь күнү эртең менен Тегеранга жана Ирандын бир катар башка шаарларына абадан сокку урган.
Буга жооп катары Иран Израилге 270тен ашуун ракета жана дрондорду учуруп, Тель-Авив, Хайфа жана башка шаарларга сокку урду. Бул чабуулдарда 14 израилдик каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Израилдин Коргоо министрлиги Тегерандагы Ирандын Коргоо министрлигинин имараттарын жана энергия инфраструктурасын бутага алганын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп кагылышууну токтотууга чакырып, Иранга америкалык активдерге кол салбоо эскертүүсүн берди.
Бирок Израиль өзүнүн аскердик кампаниясын улантып, Ирандын өзөктүк жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылууну максат кылууда.