Аракчи: Израилдин Иранга жасаган соккусунан 6 миңден ашуун адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 07 Июль 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-07-07 at 15.46.09.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Иран-Израиль чатагынын натыйжасында Иранда 6 миңден ашуун адам каза болгонун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, дагы 4 миң 870 киши жаракат алган.

Өз кезегинде Израиль 20дан ашык адам каза болгонун жана 1 миң 470тен ашуун адам жарадар болгонун билдирген.

Арагчи Израилдин аракеттери дипломатияга, мыйзам үстөмдүгүнө жана ядролук куралды жайылтпоого "өлүмчүл сокку" болгонун баса белгилеген.

Анын айтымында, Израиль менен аны колдогон АКШ эл аралык мыйзамдарды бузганы үчүн жооп бериши керек.