Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Израиль Египет менен эң ири 35 млрд долларлык газ келишимин бекитти. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Египетке жаратылыш газын экспорттоо боюнча 35 млрд долларлык келишимди бекиткенин жарыялады.
Бул сумманын болжол менен 18 млрд доллары мамлекеттик бюджетке түшөт. Өлкө бийлиги каражат билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана коопсуздукка жумшаларын айтты.
"Бул келишим Израилдин аймактык энергетикалык держава катары позициясын бекемдейт жана аймактык туруктуулукка салым кошот", - деди Израилдин премьер-министри.
Израилдин энергетика министри Эли Коэн келишимди өлкөнүн тарыхындагы эң ири экспорттук келишим деп атады.