Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын июль айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 279,5 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 262,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн, 17,4 млн доллары алыскы чет өлкөлөрдөн которулган.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандан башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 24,4 млн доллар болду. Анын 21,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 2,6 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.