Италияда Louis Vuitton дүкөнүн тоноп кетишти

Дүйнө Загрузка... 18 Ноябрь 2025 09:00
луи витон.jpg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Италиянын борбору Рим шаарында жайгашкан Louis Vuitton дүкөнүн тоноп кетишти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, беткапчан 3 адам унаа менен темир дарбазаны сүзүп кирип, люкс бренд дүкөнүнүн кампасына киришкен. Алар дээрлик бардык товарларды уурдап кетишкендиги айтылууда.

Учурда зыяндын так көлөмү аныктала элек, бирок Louis Vuitton брендинин бир даанасы миңдеген еврого бааланарын эске алганда, чыгым чоң болушу мүмкүн.

Окуя 17-ноябрдын түнүндө болгон. Азыркы тапта тергөөчүлөр жана полиция кызматкерлери окуя болгон жерде иш алып барууда.

Италиялык Il Messaggero басылмасынын маалыматына караганда, Римдеги люкс дүкөндөрдүн тонолушу биринчи ирет эмес. Буга чейин Fendi, Valentino жана Bulgari сыяктуу дүкөндөр да тонолгон.