Италияда дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат

Дүйнө Загрузка... 08 Август 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-08-08 at 08.59.57.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Италиянын Мессина кысыгында дүйнөдөгү эң узун асма көпүрө курулат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, көпүрө Жер Ортолук деңизинин сейсмикалык кооптуу аймактарынын биринде курулуп, күчтүү жер титирөөлөргө туруштук бере алат.

Соңку жылдары Италиянын бийлиги долбоорду ишке ашырууга бир нече жолу аракет кылышкан, бирок экологиялык зыян, коопсуздук же мүмкүн болгон мафиянын кийлигишүүсү тууралуу кооптонуулардан улам ишке ашпай келген.

Акыркы долбоорго ылайык, Мессина кысыгынан өтүүчү көпүрөнүн узундугу 3,3 чакырымды түзөт жана авто жана темир жол кыймылын да өткөрөт. Долбоордун наркы 13,5 миллиард еврону түзөт.

Курулушту 7-8 жылда бүтүрүү пландалууда. Долбоор 120 миң жумуш орундарын түзүү аркылуу Италиянын эң жакыр аймактары болгон Сицилия жана Калабрия үчүн экономикалык өсүштү камсыз кылат.

Учурда кысыктан паром менен гана өтүүгө болот, ал 30 мүнөттөй убакытты алат.