Италия экологиялык таза продукцияларды өндүрүүдө ЕБде алдыңкы орунду ээледи

Дүйнө Загрузка... 10 Ноябрь 2025 10:44
WhatsApp Image 2025-11-10 at 08.50.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Италия экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү боюнча Европа биримдигинде алдыңкы орунду ээледи. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 1992-жылы ишке киргизилген Ecolabel программасы керектөөчүлөр менен ишканаларга туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз тандоолорду жасоого көмөк көрсөтөт. Бүгүнкү күндө Европада 100 миңден ашуун товар жана кызмат Ecolabel сертификатына ээ.

Европа комиссиясынын акыркы маалыматына ылайык, Италияда сатылып жаткан 19 миңге жакын продукция экологиялык жактан таза жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасир эткени үчүн сертификатталган.

Эко-маркировкаланган продукциялар боюнча Италиядан кийин экинчи орунда Испания (16 миң), андан соң Франция (13 миң), Германия (10 миң) жана Португалия (7 миң) орун алат.